Камакка алынган палестиналыктар
Израиль аскерлери Эль-Халил шаары менен Кудстун түндүк-чыгышындагы Аната жергесине рейд жүргүзүштү.
Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шериада 13 палестиналыкты камакка алышты.
Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Израиль аскерлери Эль-Халил шаары менен Кудстун түндүк-чыгышындагы Аната жергесине рейд жүргүзүштү.
Аскерлер Эль-Халилде 12, Анатада 1 палестиналыкты камакка алышты.
«Шафат» качкындар лагерине да рейд жүргүзгөн аскерлер палестиналыктардын үйлөрүнө уулуу газ жана үн бомбаларын ыргытышты.
Израиль армиясы Газа тилкесине кол салган 2023-жылдын 7-октябрынан бери Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста палестиналыктарга каршы камоолор, рейддер жана кол салуулар көбөйдү.
Оккупациядагы Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста 7-октябрдан бери Израиль аскерлери менен мыйзамсыз жөөт отурукташуучулардын кол салууларынан 498 палестиналык каза болду.
Тектеш кабарлар
Мьянмада үйлөнүү үлпөтүнө абадан кол салуу: 7 киши каза болду
Каза болгондордун арасында күйөө бала да болсо, кол салууда 20 киши да жараланды.