Орусиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путин жеңди

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала жыйынтыктарга караганда, Владимир Путин президенттик шайлоодо 87,29 пайыз добуш менен жеңгенин жарыялады.

2116969
Орусиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путин жеңди

Орусиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путин жеңди.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала жыйынтыктарга караганда, Владимир Путин президенттик шайлоодо 87,29 пайыз добуш менен жеңгенин жарыялады.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Элла Памфилова борбор шаар Москвада өткөргөн маалымат жыйынында президенттик шайлоонун болжолдуу алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Шайлоого катышуу көрсөткүчүнүн 77,44 пайыз менен «рекорддук деңгээлде» болгонун белгилеген Памфилова 87 миллион 113 миң 127 кишинин добуш бергенин айтты.

Памфилова шайлоолор эркин жана ачык өткөнүн баса белгилеп: «Биз эгемендүү эл экенибизди, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн бардыгын жасап жатканыбызды көрсөттүк»,-деди.

Учурда ачылган үкөктөрдүн саны 99,7 пайыздан ашканын айткан Памфилова акыркы жыйынтык 21-мартта чыгарыла турганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, урналардын 99,76 пайызы ачылды. Комиссиянын маалыматына караганда, алдын ала жыйынтыктар боюнча, Владимир Путин президенттик шайлоодо 87,29 пайыз добуш менен жеңишке жетти. Буга ылайык Путинге 75 миллион 950 миң 588 адам добуш берди.

Талапкерлердин ичинен Коммунисттик партиядан Николай Харитонов 4,30 пайыз добуш менен 3 миллион 737 миң 763 адамдын, «Жаңы эл» партиясынан Владислав Даванков 3,84 пайыз добуш менен 3 миллион 341 миң 389 адамдын жана Либерал-Демократиялык партиядан Леонид Слуцкий 3,21пайыз добуш менен 2 миллион 792 миң 545 адамдын добушун алды.

Жаңы шайланган президент 6 жыл кызматында калат.

Шайлоонун акыркы эмес биринчи расмий жыйынтыгына караганда шайлоону жеңген Путин акыркы жыйынтыктар жарыялангандан кийин ант берип, 5-ирет Орусиянын президенттигине киришет.

Ошол эле учурда Владимир Путин орус элине шайлоонун жыйынтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай деди:«Бардык орус элине ыраазычылык билдирем. Мен биздин артыкчылыктарга жана максаттарыбызга жетүү үчүн колумдан келгендин баарын жасайм. Менимче, Орусиядагы (батыш өлкөлөрү) шайлоого кийлигишүүгө аракет кылып жаткандар бул жыйынтыктардан кийин кыйла татаалыраак иш алып барышат. Бирок алар Орусияга карата максаттарын дагы деле өзгөртпөйт», - деди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев шайлоодо жеңип, Орусиянын президенти болуп кайра шайланган Путинди телефон аркылуу куттуктады.

Азербайжандын президенттигинин билдирүүсүнө караганда, жолугушууда Алиев менен Путин Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы карым – катнаштардын мындан ары да чыңдала берерине ишенимин билдиришип, эки өлкөнүн карым-катнаштарынын келечеги тууралуу пикир алмашышты.



Тектеш кабарлар