Орусия-Украина окуялары...
Украинанын Орусиянын Белгород аймагына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуусуна Орусиянын абадан коргонуу техникалары жооп кайтарды.
Украина армиясынын Орусиянын Белгород аймагына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуусунан 2 киши каза болду.
Украинанын Орусиянын Белгород аймагына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуусуна Орусиянын абадан коргонуу техникалары жооп кайтарды.
Алгачкы маалыматтар боюнча Никольское конушунда 2 адам каза болуп, 4 адам жабыркаган.
Кол салуудан улам бир жеке үй талкаланып, анын жашоочулары каза болушкан.
Жабыркаган кыз урандылардын астынан чыгарылып, ооруканага жеткирилген.
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков урандылардын астында дагы 2 аял болушу мүмкүн экенин билдирди.
Кол салууда үч киши жараат алды.
Никольское конушундагы кол салууда талкаланган үйдөн тышкары дагы 4 үй зыянга учураган.
Белгород облусунда соңку күндөрү кол салуулар көбөйүп, Украина тарапта согушуп жаткан ыктыярдуу бөлүктөрдүн Орусия чек арасынан кирип келүүгө аракет кылганы билдирилди.