Отунбаеванын Ооганстандагы иштерине толук колдоо көрсөтүлдү

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Ооганстандагы сессиясында добушка коюлган резолюция долбоору бир добуштан кабыл алынды.

2116314
Отунбаеванын Ооганстандагы иштерине толук колдоо көрсөтүлдү
ROZA OTUNBAEVA BM AFGANİSTAN TEMSİLCİSİ.jpg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) кызмат мөөнөтү дагы бир жылга узартылды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Ооганстандагы сессиясында добушка коюлган резолюция долбоору бир добуштан кабыл алынды.

UNAMAнын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын өзгөртпөгөн чечимде БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаеванын жана UNAMAнын иштерине толук колдоо көрсөтүлгөнү айтылды.

Чечимде UNAMAнын жана БУУнун башка агенттиктеринин, фонддорунун жана программаларынын Ооганстанда болушунун маанилүүлүгү белгиленди.

БУУнун баш катчысынан Ооганстандагы жалпы абал боюнча үч ай сайын отчет берүүсүн талап кылган чечимде UNAMAнын кызмат мөөнөтү 2025-жылдын 17-мартына чейин узартылды.

UNAMA 2002-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1401 резолюциясы менен түзүлгөн жана анын ыйгарым укуктары жыл сайын узартылып турган.

Штаб-квартирасы баш калаа Кабулда жайгашкан UNAMAда 1200дөй кызматкер бар.



Тектеш кабарлар