Ооганстандагы жол кырсыгынан 21 адам каза болду
Кырсыктан автобус күйүп, 21 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды.
2116478
Ооганстандын Хилменд провинциясында болгон жол кырсыгынан 21 адам каза болду.
Ооган басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Хилменддин Геришк районунда жүргүнчү ташыган автобус, мотоцикл жана күйүүчү май ташыган танкер кагылышкан.
Кырсыктан автобус күйүп, 21 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды.
Жабыркагандар ооруканаларга жөнөтүлдү.