Израилдин Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны...

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 163 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2116430
Израилдин Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны...

Израиль армиясынын жардамдын жетүүсүн токтотуп, ачарчылыкка алып келген Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 31 миң 645ке жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 163 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинде акыркы 24 саатта болгон кол салууларында дагы 92 палестиналыктын каза болгондугу, 130 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери кол салууларынан каза болгондордун саны 31 миң 645ке, жаралуулардын саны 73 миң 676га жеткени билдирилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги урандылардын астында жана жол жээгинде каза болгондордун бар экенин, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу кызматкерлери сөөктөргө жете албаганын белгиледи.



Тектеш кабарлар