Владимир Путин президенттик шайлоодо добуш берди

Россиянын президенттик сарайы Кремлден берилген маалыматка караганда Путин Москва  аймагындагы резиденциясында Россиянын президенттиги үчүн аралыктан электрондук чөйрөдө добуш берди.

2116143
Владимир Путин президенттик шайлоодо добуш берди

Россиянын президенти  Владимир Путин өлкөдөгү президенттик шайлоодо добуш берди.

Россиянын президенттик сарайы Кремлден берилген маалыматка караганда Путин Москва  аймагындагы резиденциясында Россиянын президенттиги үчүн аралыктан электрондук чөйрөдө добуш берди. 

Россияда президенттик шайлоо эртең  17 -  мартка чейин улантылат. Өлкөдө президенттик шайлоо биринчи жолу үч күндөн бери  жана федералдык аймактардын дээрлик үчтөн бир бөлүгүндө электрондук чөйрөдө добуш берүү системасы менен  өткөрүлүүдө.

Президенттик үчүн 4 талапкер ат салышкан шайлоодо азыркы президент Владимир Путин «Бирдиктүү Россия» партиясынын колдоосу менен көз карандысыз талапкер болду.

Либерал демократиялык партиясынын лидери Леонид Слуцкий, Николай Харитонов Коммунисттик партиядан, ал эми Владислав Даванков Жаңы Элдик партиядан талапкер катары бюллетендеги ордун ээледи.

Жаңы шайлана турган президент 6 жыл кызматында калат. Шайлануу мүмкүнчүлүгү  жогору болгон Путин үкөктө дагы жеңишке жетсе 5 -  жолу Россиянын президенти болот.

 

 



Тектеш кабарлар