Италиянын вице  - премьер  - министри НАТОнун Украинага аскер жиберүүсү тууралуу оюн билдирди

Италиянын вице  - премьер  - министри жана тышкы иштер министри Антонио Таяни НАТО бөлүктөрүнүн Украинага жиберилишинин  3 -  Дүйнөлүк согуштун чыгышына себеп болорун айтты.

2116224

Верона шаарында катышкан бир иш  -  чарада суроолорго жооп берген Таяни Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Украинага аскер жиберүү ыктымалын айтканына байланыштуу : "Мен НАТОнун Украинага кирбеши керектигин ойлоп жатам. Мындай нерсе болбойт деп ойлоймун. Ал жерге баруу жана Россия менен согушуу  3 -  Дүйнөлүк согуштун чыгышы деген мааниге келет",- деп баа берди. 

Россия менен согушта эмес экендерин баса белгилеген Таяни : «Биз эл аралык укукту жана Украинанын эркиндигин коргойбуз, бирок Россия менен согушпайбыз, Киевге ар кандай аскердик, экономикалык жана техникалык куралдарды берип жатабыз, бирок согушуу мага жаңылыштык сыяктуу көрүнүүдө жана бардык италиялыктар муну каалабайт",- деди.  

Таяни ошондой эле италиялык аскерлердин Украинага барышы мүмкүн эмес экенин дагы бир жолу кайталады жана Италия армиясынын Кызыл деңизде, Ливанда, Иракта жана Африкада соода кемелерин коргоодо жакшы иштерди жасагандыгын белгиледи. 

Тектеш кабарлар