G7 лидерлери Иранды эскертти

Америка Кошмо Штаттары , Канада, Франция, Италия, Япония, Англия жана Германиядан турган G7 өлкөлөрүнүн лидерлери үчүнчү тараптарды, өзгөчө Иранды Украина согушунда Россияга материалдык колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырышты.

2116161
G7 лидерлери Иранды эскертти

Америка Кошмо Штаттары, Канада, Франция, Италия, Япония, Англия жана Германиядан турган G7 өлкөлөрүнүн лидерлери үчүнчү тараптарды, өзгөчө Иранды Украина согушунда Россияга материалдык колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырышты.

G7 лидерлеринин атынан кезектешкен башкаруучу Италия тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө : "Үчүнчү тараптарга Россиянын Украинага карата мыйзамсыз жана негизсиз согушунда көрсөткөн колдоосун токтотуу чакыруубузду кайталайбыз, антпесе чоң чыгым менен бетме  - бет келет",- деп айтылды. 

Билдирүүдө булар айтылды : "Ирандын Украинадагы жарандарга карата ырайымсыз кол салууларда колдонулган учкучсуз учуучу аппараттарын Россияга бергенден кийин  баллистикалык ракеталарды жана тийиштүү технологияларды Россияга берет деген кабарлардан тынчсыздануудабыз. Иранды муну аткарбаганга чакырабыз анткени бул аймактык туруксуздукка салым кошот жана Россиянын Украинадагы согушуна карата материалдык жардам берүүсүн маанилүү өлчөмдө арттырат. Бул эл аралык мыйзам жана БУУнун уставынын ачыкча бузулушу болот". 

G7 лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө : "Иран Россияга баллистикалык ракета же тийиштүү технологияны берүүнү уланта турган болсо, Иранга каршы жаңы жана маанилүү чаралар менен бирге ылдам жана координациялуу каршылык көрсөтүүгө даярбыз",- деп айтылды. 
 



Тектеш кабарлар