Макрон Россия - Украина согушу тууралуу билдирди
Франциянын президенти Эммануэль Макрон : «Россия Украинадагы согушта жеңип чыкса Европанын ишеними нөлгө чейин төмөндөйт»,- деди.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон : «Россия Украинадагы согушта жеңип чыкса Европанын ишеними нөлгө чейин төмөндөйт»,- деди.
France 2 жана TF1 телекөрсөтүүлөрүнүн биргелешкен берүүсүнө катышкан Эммануэль Макрон азыр согуштун Европа аймагында экенин белгилеп: «Страсбург менен Львовдун ортосунда 1500 километрдик аралык бар. Эгер Россия согушта жеңсе, Европанын ишеними нөлгө чейин төмөндөйт»,- деди.
Москва башкаруусу согуштан жеңиш менен чыга турган болсо коопсуз болбой тургандарын жана Европанын согушка даяр болушу керектигин айткан Франциянын президенти : «Бир гана максатыбыз бар ; Россия согушта жеңишке жетишпеши керек»,- деди.
2022 – жылдан бери Россия менен согушуп жаткан Украинага аскердик бөлүк жиберүү тууралуу Макрон : «Бардык бул варианттар болушу мүмкүн, мунун бир гана жооптуусу Москва башкаруусу болот»,- деп баа берди.
Франциянын атомдук куралынын француздарга кепилдик бергенин айткан Макрон Россиянын Украина менен болгон согушта жеңип чыга турган болсо француздардын турмушу өзгөрөт деген мааниге келгендигин айтты.