Дарчиашвили Түркия, Грузия жана Азербайжандын күчтүү кызматташтыкка ээ экендигин айтты

Грузиянын тышкы иштер министри Илия Дарчиашвили Түркия, Грузия жана Азербайжандын саясий, соода, экономика, коргонуу, маданият, транспорт, энергетика, заманбап технологиялар, туризм жана башка тармактарда күчтүү кызматташтыкка ээ ​​экенин айтты.

2116075
Дарчиашвили  Түркия, Грузия жана Азербайжандын күчтүү кызматташтыкка ээ экендигин айтты

Грузиянын тышкы иштер министри Илия Дарчиашвили Түркия, Грузия жана Азербайжандын саясий, соода, экономика, коргонуу, маданият, транспорт, энергетика, заманбап технологиялар, туризм жана башка тармактарда күчтүү кызматташтыкка ээ ​​экенин айтты.

 Дарчиашвили Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөн Түркия – Азербайжан - Грузия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында үч өлкөнүн күчтүү аймактык кызматташтыкка ээ экенине көңүлдөрдү буруп : «Ушундайча саясий диалогубузга болгон берилгендигибизди жана үч тараптуу  форматтагы өнөктөштүгүбүздүн маанисин жана туруктуулугун дагы бир жолу тастыктадык. Бул форматтын аймактык кызматташуунун ар тараптуу, эффективдүү жана ийгиликтүү механизмдеринин бири экенин белгилегим келет ",- деди.  

Дарчиашвили Түркия, Азербайжан жана Грузиянын ортосундагы кызматташтыкка байланыштуу: «Саясат, соода, экономика, коргонуу, маданият, транспорт, энергетика, заманбап технологиялар, туризм жана башка тармактарда көп кырдуу кызматташтык аркылуу бири-бирибиз менен байланыштабыз»,-деди.

Грузия катары Азербайжан жана Түркия менен биргелешкен долбоорлордун дагы да өнүктүрүлүшүн колдогондорун белгилеген Дарчиашвили, үч өлкө катары Баку-Тбилиси-Жейхан чийки мунай куурун жана Баку-Тбилиси-Эрзурум жаратылыш газ куурунун курулушун ийгиликтүү ишке ашырышкандарын белгиледи.

Түркия, Грузия жана Азербайжандын Транскаспий коридору эл аралык транспорт жолун (Борбордук коридор) дагы да өнүктүрүү үчүн иштерди уланта турганын белгилеген министр Дарчиашвили бул багытта Баку-Тбилиси-Карс темир жол долбоорунун кыска убакыттын ичинде аякташы маанилүү экендигин баса белгиледи.

Дарчиашвили сөзүнүн аягында Грузия, Азербайжан жана Түркия үч тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана алдыга жылдырууга даяр экенин билдирди.



Тектеш кабарлар