Францияда Украина менен коопсуздук келишими

Келишим 293 “макул” жана 22 “каршы” добуш менен кабыл алынды.

2115478
Францияда Украина менен коопсуздук келишими

Франциянын Сенаты, Украина менен коопсуздук тармагында кол коюлган кызматташуу келишимин бекитти.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Франциянын Украина менен 16-февралда кол койгон кызматташуу келишими Сенатта добушка коюлду.

Келишим 293 “макул” жана 22 “каршы” добуш менен кабыл алынды.

Улуттук парламенттин 12-марттагы сессиясында Украинадагы кырдаал талкууланып, парламенттин добушуна коюлган келишим 99 каршы 372 добуш менен кабыл алынган.

Премьер-министр Габриэль Аттал добуш берүүдөн мурда Башкы ассамблеяда сөз сүйлөп: «Биз үчүн Украинага аркабызды салуу өз баалуулуктарыбызга да аркабызды салганды билдирет»,-деп айтып Орусия-Украина согушу башталгандан бери Украинага 2,6 миллиард евролук аскерий техника жөнөтүшкөнүн маалымдаган.



Тектеш кабарлар