АКШ : Хуситтер кемеге каршы баллистикалык ракета учурду

Америка Кошмо Штаттары  Йеменде Иран колдогон хуситтедин Аден булуңуна кемеге каршы баллистикалык ракета учурганын жарыялады.

2115405
АКШ : Хуситтер кемеге каршы баллистикалык ракета учурду

Америка Кошмо Штаттары  Йеменде Иран колдогон хуситтедин Аден булуңуна кемеге каршы баллистикалык ракета учурганын жарыялады.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) X социалдык медиа платформасында маселе боюнча билдирүү жасады.

Билдирүүдө хусилердин Аден булуңуна карай кемеге каршы баллистикалык ракета учурганы жарыяланды.

Ракетанын эч бир кемеге тийбегендиги, окуяда жаралангандардын  жана кыйроонун болбогону билдирилди.

Билдирүүдө  CENTCOMдун хуситтердин көзөмөлүндөгү аймактарда  4 учкучсуз учуучу аппараты менен кургактыктан абага учурулган ракетаны жок кылгандыгы белгиленди. 

Жок кылынган куралдардын аймактагы коммерциялык кемелер менен АКШнын деңиз флоту үчүн коркунуч туудургандыгы жакьалган билдирүүдө бул кийлигишүүнүн «навигация эркиндигин коргоо» үчүн жасалганы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар