Украина Россияда 3 мунай иштетүүчү заводун атты

Россиядагы 3 мунай иштетүүчү заводу (Рязань, Кстово жана Киришах шаарларында) Украина Коопсуздук кызматы (UGS) тарабынан жасалган учкучсуз учуучу аппараттарынын кол салуусуна дуушар болду.

2114987
Украина  Россияда  3   мунай иштетүүчү заводун атты

Россиядагы 3 мунай иштетүүчү заводу (Рязань, Кстово жана Киришах шаарларында) Украина Коопсуздук кызматы (UGS) тарабынан жасалган учкучсуз учуучу аппараттарынын кол салуусуна дуушар болду.

Украина басма сөзү кабарды Украина Коопсуздук кызматындагы булагына таянып берди. Алынган маалыматка караганда кол салуулар орус мунай рафинерияларына карата жүргүзүлгөн атайын операциялардын бир бөлүгү.

Сөз болгон булак : «Кенен түрдө түзгөн Россия Федерциясынын экономикалык потенциалын  түшүрүү стратегиябызды системалуу түрдө ишке ашыруудабыз. Максатыбыз - душманды ресурстарынан ажыратуу жана агрессордун түздөн түз согуш,  Украина жарандарын өлтүрүүгө которгон мунай кирешелерин жана күйүүчү майларды азайтуу», - деди.

Рязань облусунун башкаруусунун  маалыматы боюнча, кол салуудан улам эртең мененки саат 7 чамасында Рязань шаарындагы заводдо өрт чыкты. Өрт төрт сааттан кийин көзөмөлгө алынды.

Кстово жана Киришах шаарларындагы учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууларынын жыйынтыктарына байланыштуу расмий мекемелер азырынча маалымат бере элек. Муну менен бирдикте Ленинград облусунун губернатору (бул аймакта Киришах шаары жайгашкан) эртең менен мунай иштетүүчү заводго кол салууга аракет кылган бир дрондун  атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Россия Федерациясынын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, түнү жана эртең менен Россиянын аймактарынын үстүнөн 60тан ашык учкучсуз учуучу аппарат жок кылынды.



Тектеш кабарлар