Украина менен Россиянын ортосундагы кол салуулар

Россиянын Украинанын түрдүү аймактарына жасаган ракеталык кол салууларында көп сандаган кишинин каза болгондугу билдирилди.

2114874
Украина менен Россиянын ортосундагы кол салуулар

Россиянын Украинанын түрдүү аймактарына жасаган ракеталык кол салууларында көп сандаган кишинин каза болгондугу билдирилди.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө Россиянын кол салууларынын натыйжасында Украинанын  3 шаарында имараттардын зыян тарткандыгын белгиледи.

Түнкү сааттарда Россиянын Донецк облусунун Мирноград шаарына ракеталык кол салуу жасалып 5 кабаттуу имараттын бир бөлүгүнүн кулагандыгын белгилеген Клименко : «Издөө куткаруу топтору кол салуунун натыйжасында уранды астында калган 2 кишинин  сөөгүн чыгарды. Урандыдан 1 бала болгон 6 киши аман чыгарылып жатып, 4 киши жаракат алды»,- деди.

Клименко орус армиясынын түн ичинде Суми районундагы 5 кабаттуу турак жайды ракета менен аткандыгын айтып : «Болжол менен 15 батир талкаланды, издөө - куткаруу топтору 10 адамды куткарып, кеминде 8 адам жаракат алды, 3 адамдын тагдыры белгисиз», - деди.

Россиянын Кривой Рог шаарындагы бир имаратка карата кол салуунун натыйжасында  4 кишинин каза болгондугун белгилеген Клименко кол салууда жаралуу саны  50дөн ашуун экендигин айтты.

Бир тараптан Украинанын да Россиянын жерлерине  58 учкучсуз учуучу аппарат менен кол салууга киришкендигин билдирди.

Россиянын коргоо министрлигинин кол салууларга байланыштуу билдирүүсүндө : «Киев режиминин Россиянын жерлериндеги буталарга учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен террордук кол салууга аракети токтотулду»,- деп айтылды.

Орус абадан коргонуу системаларынын жалпы  58 учкучсуз учуучу аппараттарына карата кол салуусуна туруштук бергендиги белгиленген билдирүүдө Белгород аймагында  11, Брянск облусунда 8, Воронеж облусунда 29, Курскта 8,  Ленинград облусунда 1,  жана  Рязань облусунда  1 учкучсуз учуучу аппаратынын жардырылгандыгы тууралуу маалымат берилди.

 

 

 



Тектеш кабарлар