Пакистан Түркия менен сооданы кеңейтүүгө чакырды

Пакистанда парламенттин добуш берүүсү менен экинчи жолу  премьер  - министр болуп шайланган Шахбаз Шариф Түркия менен эки тараптуу сооданы кеңейтүүгө чакыруу салды.

2114744
Пакистан Түркия менен сооданы кеңейтүүгө чакырды

Пакистанда парламенттин добуш берүүсү менен экинчи жолу  премьер  - министр болуп шайланган Шахбаз Шариф Түркия менен эки тараптуу сооданы кеңейтүүгө чакыруу салды.

Премьер  - министр Шариф Түркиянын Исламабад элчиси Мехмет Пачажыны борбор шаар Исламабаддагы премьер  - министрлик кеңсесинде кабыл алды.

Жолугушууда Шариф Түркия менен Пакистандын ортосундагы  5 миллиард долларлык соода максатына жетиши үчүн сооданын кеңейтилиши керектигин айтты.

Шариф Пакистан жана Түркиянын негизги темаларда бири бирин  дайыма колдогондорун жана келечекте да колдоону уланта тургандарын белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын өзүнө телефон чалып куттуктаганына ыраазы болгондугун айткан Шариф улуттук аскердик учак КААНдын ийгиликтүү учушу үчүн Түркияны куттуктады.

Шариф Түркия  -  Пакистан  7 -  Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйыны үчүн Эрдоганды Пакистанга чакыргандыгын белгилеп, Пакистан калкынын президент Эрдоганды борбор шаар Исламабадда тосуп алууну күтүп жаткандыгын айтты.

Элчи Пачажы да премьер  - министрликке кайрадан шайланган Шарифти куттуктап эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук байланыштардын бекемделишинин маанисин баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар