Кытайда ресторанда жарылуу болду
Жарылууда кеминде 2 адам каза болуп, 26 адам жаракат алды.
2114983
Кытайдын Хэбэй провинциясындагы ресторанда болгон жарылууда 2 адам каза болду.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.54тө Санхэ провинциясындагы ресторанда жарылуу болду.
Санхэ Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматы боюнча, жарылууда кеминде 2 адам каза болуп, 26 адам жаракат алды.
Айланадагы иш жерлерине жана токтоп турган унааларга чоң зыян келтирди. Аймакка өрт өчүрүүчүлөр жана медициналык топтор жөнөтүлдү.
Жарылуунун газдын чыгышынан улам болгондугу болжолдолууда.