Финляндия: "Орусия Батыш менен узакка созулган жаңжалга даярданууда"

Орпо Европа парламентинин (ЕП) Башкы Ассамблеясында, Европанын келечегине байланыштуу сессияда сөз сүйлөдү.

2115061
Финляндия: "Орусия Батыш менен узакка созулган жаңжалга даярданууда"

Финляндиянын премьер-министри Петтери Орпо Орусиянын “Батыш менен узак мөөнөттүү кагылышууга” даярданып жатканын айтып, Евробиримдиктин (ЕБ) бул коркунучка азыр жооп кайтарбашынын узак мөөнөттүү тобокелдиктерди жаратаарын эскертти.

Орпо Европа парламентинин (ЕП) Башкы Ассамблеясында, Европанын келечегине байланыштуу сессияда сөз сүйлөдү.

Украинадагы согушка токтолгон Орпо: «Украинага учурда жумшалган ар бир евронун эгер Орусия жеңсе альтернативалык чыгымдарга салыштырмалуу арзан баа экенин айтам»,-деди.

Украинага колдоону арттырууга чакырган Орпо: «Орусия Батыш менен узакка созулган кагылышууга даярданып жатканы анык. Бул Европа үчүн туруктуу жана экзистенциалдык аскердик коркунуч туудурат. Эгер бирдиктүү Европа катары буга жетиштүү жооп кайтарбасак, алдыдагы жылдар коркунучтарга жана жакындаган кол салуу коркунучуна толгон болот»,-деп айтты.

Өлкөсүнүн Орусия менен 1300 километрден ашык чек араны бөлүшкөнүн эске салган Орпо, НАТОго мүчө болуу чечиминин олуттуу баалоодон кийин кабыл алынганын, эми коңшусу Швецияны альянстын бир бөлүгү катары көргөнүнө кубанычта экенин билдирди.

Орпо Европанын коргоо өнөр жайын күчтөндүрүү, чек араларын бекемдөө, бюрократияны азайтуу, туруктуу каржы саясаттарын ишке ашыруу, эмгек рыногун реформалоо жана жаңы соода келишимдерин түзүү керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар