Ар бир 6 секундда 1 бала каза болууда

БУУнун  Балдардын өлүмүн болжолдоо мекемелеринин арасындагы топтун (BM IGME) 2022 -  жылга таандык маалыматтар менен даярдаган отчету билдирилди.

2114992
Ар бир 6 секундда  1 бала каза болууда

Дүйнөдө 5 жашка чейинки балдардын өлүмүндөгү  азаюга карабастан ар бир 6 секундда  1 бала каза болууда.

БУУнун  Балдардын өлүмүн болжолдоо мекемелеринин арасындагы топтун (BM IGME) 2022 -  жылга таандык маалыматтар менен даярдаган отчету билдирилди.

Отчетко караганда 5 жашка келбестен каза болгон балдардын саны  2022 -  жылы эң төмөнкү деңгээлге түшүп  4,9 миллионго түшкөн. Дүйнөдө 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү да 2000-жылдан бери 51 пайызга азайган.

2022-жылы 5 жашка чейинки 4,9 миллион бала, ошондой эле 5 жаштан 24 жашка чейинки 2,1 миллион бала жана жаштар каза болгон. Бул өлүмдөр негизинен Сахаранын түштүгүндөгү Африкада жана Түштүк Азияда байкалган.

Дүйнө жүзүндө 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн азайганына карабастан, ар бир 6 секундда 1 бала каза болуп жаткандыгы белгиленди.

Бир топ орто жана аз кирешелүү өлкөлөрдө балдардын өлүмү азайды. Алгачкы медициналык кызматтарга жана балдардын ден соолугуна ресурстар адекваттуу которулса, бул жаатта мындан аркы жылыш болору айтылды.

Учурдагы шарттарда 59 өлкө БУУ тарабынан белгиленген Туруктуу Өнүгүү Максатында 5 жашка чейинки балдардын өлүмүндө  кааланган деңгээлге жете албайт жана 64 өлкө жаңы төрөлгөн балдардын өлүмү боюнча максаттуу көрсөткүчтөн артта калат.

 



Тектеш кабарлар