Пашинян : "Армения эч бир өлкөдөн аймактык амбициялары болбошу керек"

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армениянын азыркы картадан тышкаркы жеринин жок экенин жана эч бир өлкөдөн аймактык амбициялары болбошу керектигин билдирди.

2114470
Пашинян : "Армения эч бир өлкөдөн аймактык амбициялары болбошу керек"

Армениянын премьер - министри Никол Пашинян Армениянын азыркы картадан тышкаркы жеринин жок экенин жана эч бир өлкөдөн аймактык амбициялары болбошу керектигин билдирди.

Премьер-министр Пашинян Армения өкмөтүнүн YouTube баракчасында жарыяланган маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Премьер  - министр Пашинян  Армения өкмөтүнүн YouTube каналынан жарыяланган пресс  - жыйынында  журналисттердин суроолоруна жоп берди. Пашинян колундагы Армениянын учурдагы чек аралары көрсөтүлгөн карта сыяктуу форманы белгилеп : "Армениянын копсуздугунун түзүлүшү тууралуу мыйзамдуулукка басым жасалышы керек. Бул Армениянын аймагы. Бул чек арадан тышкаркы амбицияларыбыз болбошу керек. Анткени бул чек ара тилкелеринин тышындагы ар кандай амбициялар бизди жок кылуу мүмкүнчүлүгү катары,  биздин мыйзамдуу позициябызды бузуу үчүн колдонулат",- деди.

Азербайжан менен тынчтык келишими туралуу сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын белгилеген Пашинян, эки өлкөнүн чек араларын аныктоо иштеринин вице-премьерлер жетектеген комиссиялар тарабынан жүргүзүлгөнүн белгилеп, Азербайжандын Армениядан тез арада тапшырылышын талап кылган жана атын берген  айылдардын  советтер союзу учурунда жана андан кийин эч  болбогонун айтты.

Чек араны аныктоо иштеринин бул айылдар болгон Тавуш аймагынан башталышынын мүмкүн эмес экендигин белгилеген Пашинян аймакка барып абалды ордунда иликтей тургандыгын айтты.

Пашинян Жамааттык коопсуздук келишим уюму боюнча  бул уюм менен карым  - катнаштарын токтотушкандарын, иш  - аракеттерине ошулбагандарын, Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысынын орун басары позициясына эч кимди дайындай албагандарын эске салып, мунун себебинин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Армениядагы жоопкерчилик  аймагына байланыштуу суроого жооп бербеши болгонун айтты. 

Премьер-министр Пашинян эгер Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жообу  өлкөсүнүн күткөнү менен дал келбесе, Армениянны Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыга турганын, бирок мунун качан болорун билбегендигин белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар