Орусияда аскердик транспорттук учак кулап түштү
Учакта экипаждын 8 мүчөсү жана 7 жүргүнчүнүн болгону кабарланды.
2114368
Орусиянын Иванова облусунда 15 кишини ташыган "Ил-76" үлгүсүндөгү аскердик транспорттук учак кулап түштү.
Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, "Ил-76" үлгүсүндөгү машыгуу учагынын моторунун күйүп кетишинен улам Иванова аймагында кыйраганы белгиленди.
Учакта экипаждын 8 мүчөсү жана 7 жүргүнчүнүн болгондугу кабарланган билдирүүдө, окуя боюнча иликтөө иштеринин башталганы маалымдалды.