Министр Гөкташтын БУУда Израилге реакциясы

«Аялдардын статусу комиссиясы» сессиясында сөз кезеги Израилге келгенде министр Махинур Өздемир Гөкташ жана түрк делегациясы Башкы ассамблеянын жыйындар залынан чыгып кетишти.

2114044
Министр Гөкташтын БУУда Израилге реакциясы

Израиль Газадагы бейкүнөө адамдарга кыргын салып жатканда, Түркия бул геноцидге ар тараптан реакциясын улантууда.

Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблея залында Израилдин кыргынына каршылык көрсөттү.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы ассамблеясынын залында өткөрүлгөн «Аялдардын статусу комиссиясы» сессиясында сөз кезеги Израилге келгенде министр Махинур Өздемир Гөкташ жана түрк делегациясы Башкы ассамблеянын жыйындар залынан чыгып кетишти.

Министр Гөкташ жана түрк делегациясы, Израилдин Социалдык теңчилик жана аялдардын өнүгүү министри Май Голандын сөзү аяктагандан кийин жыйын залына кайтты.

Сессияда сөз сүйлөгөн Махинур Өздемир Гөкташ Түркиянын Газа элине колдоосун кайталады.

Министр Гөкташ глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө негизги себептер менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Гөкташ: «Биз теңдик маселесин талкуулап жатып, Израилдин палестиналыктарга каршы кол салууларынын натыйжасында уланып жаткан жана чоң гуманитардык азаптарга себеп болгон кризисти көрмөксөнгө сала албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар