Литва орус номердүү унааларга тыюу салды

Литва Европа Комиссиясынын сунушу менен сентябрь айында орус номердүү унаалардын өлкөгө киришине тыюу салган.

2114288
Литва орус номердүү унааларга тыюу салды

Литвада дипломатиялык жана өлкө аркылуу Россиянын Калининград облусуна барып  - келген унаалардын тышында орус номердүү унаалардын колдонулушуна тыюу салынды.

Литванын бажы департаментинен берилген маалыматка караганда  11 -  марттан тарта орус номердүү унааларды колдонгондор мыйзамды бузган болуп саналат жана Административдик укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Билдирүүдө, Литвада орус номердүү 50гө жакын унаанын бар экени жана алардын ээлерине 6 миң 561 долларга чейин айып пул салынары, бул унаалар өлкөдөн чыкпаса конфискацияланары белгиленди.

Литва аркылуу Россиянын Калининград облусуна барган же ал жактан келе турган орус жарандарынын тиешелүү документтеринин болушу  жана Литва аркылуу өтүү 24 сааттан ашпаса тыюу салуудан бошотулары айтылды.

Өзгөчө дипломатиялык унаалар да тыюу салуудан бошотулат.

Литва Европа Комиссиясынын сунушу менен сентябрь айында орус номердүү унаалардын өлкөгө киришине тыюу салган.



Тектеш кабарлар