Израиль Ливанга абадан кол салды

Ливандын расмий маалымат агенттиги NNAда орун алган кабарга караганда, Израилдин аскердик учактары Баалбек шаарынын түштүгүндөгү Энсар аймагына абадан кол салды.

2114152
Израиль Ливанга абадан кол салды

Израиль аскердик учактарынын Ливандын чыгышында, Сирия чек арасына жакын жердеги Баалбек шаарына карата  экинчи жолу абадан кол салганы билдирилди. 

Ливандын расмий маалымат агенттиги NNAда орун алган кабарга караганда, Израилдин аскердик учактары Баалбек шаарынын түштүгүндөгү Энсар аймагына абадан кол салды. 

Кол салуунун бутасында бир имараттын орун алгандыгы жана бомбалар түшкөндөн кийин аймакта түтүндүн жогорулагандыгы билдирилип, каза болгондор жана жаралуулар тууралуу кенен маалымат берилген жок. 

Энсар аймагы Израиль  -  Ливан чек арасында  100 километрге жакын аралыкта жайгашкан.

NNA башка бир кабарында да Израилдин Ливандын түштүгүндөгү чек ара аймагында орун алган Накурадагы бир үйгө абадан кол салгандыгын билдирди. 

Израиль армиясы  8 -  октябрдан бери Хизбуллах кыймылы менен чек арада чыккан кагылышууларда Баалбек шаарына карата биринчи кол салуусун  26 -  февралда жасаган.

Кагылышууларда Хизбуллахтын  240 мүчөсү, ливандык  49 жаран, Амал кыймылынын  11  мүчөсү, Исламдык жихад кыймылынын  12 мүчөсү менен израилдик  6 жаран жана  11 аскер каза болду. 

 



Тектеш кабарлар