ЕБ менен Босния-Герцеговинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр

Комиссиянын Босния-Герцеговина менен сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштоо чечимин кабыл алганын билдирди.

2114306
ЕБ менен Босния-Герцеговинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы, талапкер өлкөлөрдүн бири Босния- Герцеговина менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуштоо чечимин чыгарганын жарыялады.

ЕБ Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европарламенттин (ЕП) Башкы ассамблеясындагы билдирүүсүндө, Комиссиянын Босния-Герцеговина менен сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштоо чечимин кабыл алганын маалымдады.

Фон дер Ляйен Европа Биримдигинин Батыш Балкандарга карата саясатынын акыркы мезгилде өзгөргөнүн белгилеп: «Батыш Балкандардын бизге жакындашын күтүүнүн жетиштүү эмес экенин түшүндүк. Эшиктин ачык экенин айтуу жетишсиз. Биз да жоопкерчиликти өз мойнубузга алып, ЕБге баруучу жолдо мүмкүн болгон бардык жактан колдошубуз керек»,-деди.

Босния-Герцеговинанын жетишкен ийгиликтерине токтолгон фон дер Ляйен, Босния-Герцеговинанын талапкер статусу берилгенден бери таасирдүү кадамдарды таштаганын баса белгиледи.

Фон дер Ляйен Босния-Герцеговинанын Евробиримдиктин тышкы саясатына толук шайкеш келип, ичкириде да маанилүү тармактарда реформаларды ишке ашырганын айтты.

Европа Биримдигине мүчөлүк үчүн көбүрөөк прогресске муктаж экенине басым жасаган Ляйен: «Бирок өлкө мүчөлүк критерийлерине жооп бере аларын, жарандары да биздин үй-бүлөбүздүн бир бөлүгү болгусу келгенин көрсөтүүдө. Ушул себептен ЕБ Кеңешине Босния-Герцеговина менен сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылууну чечтик»,-деп айтты.

Босния-Герцеговина мүчөлүк арызын 2016-жылдын 15-февралында берип, 2022-жылдын 15-декабрында талапкер өлкө статусун алган.



Тектеш кабарлар