Нетаньяху эл аралык эскертүүлөргө баш ийбей жатат

Нетаньяху "Bild" жана "Politico" гезиттерине билдирүү жасады.

2113427
Нетаньяху эл аралык эскертүүлөргө баш ийбей жатат

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху эл аралык эскертүүлөргө карабастан Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында Хамаска каршы жакында аскердик операция баштаарын билдирди. 

"Bild" жана "Politico" гезиттерине Рафахка аскердик операция темасында билдирүү жасаган Бинямин Нетаньяху: «Биз ал жакка (Рафахка) барабыз. Кетпейбиз»,-деди.

Нетаньяху Рафахта аскердик операцияны баштаганда катуу кагылышуу баскычынын бүтүрүлүшүнүн бир нече жумага созуларын айтып, атын атабастан Хамаска каршы чабуулду улантуу үчүн көптөгөн араб лидерлеринин колдоосун алганын айтты.

«Палестина мамлекетин көргүбүз келбейт» деген Нетаньяху, эл аралык коомчулуктун эки мамлекеттүү чечим сунуштарын четке какты.

Рамазан айында ок атышпоо пикирин да кабыл албаган Нетаньяху барымтадагы израилдиктердин бошотулушун каалаганын, бирок сүйлөшүүлөрдө эч кандай жылыш көрө албаганын билдирди.

Бир тараптан премьер-министр Нетаньяхунун Каржы, коргоо жана улуттук коопсуздук министрликтерине миңдеген убактылуу кармоочу жайларды тез арада даярдоону тапшырганы» белгиленди.

Израиль өкмөтүнүн басма сөз кызматы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Израиль армиясы менен Израилдин ички коопсуздук агенттиги Шин-Беттин (Шабак) Газа жана басып алынган Батыш Шериада 2024-жыл бою миңдеген кишинин кармалып, камала турганы жөнүндөгү билдирүүсү айтылып, 7-октябрдан бери көпчүлүгү Газада 4 миңге жакын кишинин камакка алынганы кабарланды.

Израилдин Газага кол салууларын баштагандан бери Батыш Шериада камакка алынган палестиналыктардын санынын 7 миң 505ке жеткени маалымдалган.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине катуу кол салууларында көбү балдардан турган 31 миңден ашуун жаран каза болду.



Тектеш кабарлар