Папа: «Түркия Украина үчүн ортомчу боло алат»

Рим папасы Швейцариянын радио телевидениеси (RSI) менен болгон атайын маегинде актуалдуу маселелерге баа берди.

2113282
Папа: «Түркия Украина үчүн ортомчу боло алат»

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти папа Франциск, Украинанын сүйлөшүүгө кайраттуу болушу керектигин, Түркиянын да бул темада ортомчулук сунуштаганын айтты.

Рим папасы Швейцариянын радио телевидениеси (RSI) менен болгон атайын маегинде актуалдуу маселелерге баа берди.

Согуш учурунда Украинанын ак желегин көтөрүшү керекпи деген талаш-тартыштар бар экени эске салынганда Папа: «Кырдаалды көрүп, элин ойлогон, ак туу көтөрүп, сүйлөшүүгө кайраты бар адам күчтүүрөөк деп эсептейм. Бүгүнкү күндө эл аралык күчтөрдүн жардамы менен сүйлөшүүгө болот. Сүйлөшүү - бул эр жүрөктүүлүк сөзү. Качан жеңилип баратканда, баары сенин оюңдагыдай болбой жатканын көргөндө, сүйлөшүүгө кайрат көрсөтүшүң керек. Сиз экиленсеңиз, бирок бул согуш да, канча өлүм менен бүтөт?»,-деп айтты.

Рим папасы Франциск өз убагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырып, мындай деди: «Арачылык кыла турган өлкөнү издөө керек. Мисалы, бүгүнкү күндө Украинадагы согушка ортомчулук кылууну каалаган өлкөлөр көп. Түркия процессти баштоо сунушун берди. Иш ого бетер начарлай электе сүйлөшүүдөн тартынба»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар