Хуситтерге таандык учкучсуз учуучу аппараттар атып түшүрүлдү

Хуситтерге каршы операциялар тууралуу маалымат АКШнын Борбордук Командирлигинин (CENTCOM) X социалдык медиа платформасында берилди.

2113306
Хуситтерге таандык учкучсуз учуучу аппараттар атып түшүрүлдү

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана коалиция күчтөрүнүн Йеменде Иран колдогон хуситтерге таандык кеминде 28 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүргөнү жарыяланды.

Хуситтерге каршы операциялар тууралуу маалымат АКШнын Борбордук Командирлигинин (CENTCOM) X социалдык медиа платформасында берилди.

Билдирүүдө CENTCOM жана коалиция күчтөрүнүн хуситтердин кол салууларына бөгөт койгону белгиленди.

Ушул алкакта жергиликтүү убакыт боюнча саат 4.00 менен 8.20 арасында кеминде 28 учкучсуз учуучу аппараттын (УУА) атып түшүрүлгөнү, окуяда АКШ жана коалиция күчтөрүнө таандык кемелер менен соода кемелеринин зыян тартпаганы кабарлады.

Иран колдогон хуситтер Израилдин Газадагы кол салууларына жооп иретинде Йемендин жээктеринде израилдик компанияларга байланышы бар коммерциялык кемелерди басып алып, кээ бирлерине 31-октябрда учкучсуз учуучу аппараттар ​​жана ракеталар менен кол сала башташкан.

АКШ күчтөрү бул мезгилде Йеменден көп жолу атылган ракеталарды жана камикадзе учкучсуз учуучу аппараттарды атып түшүрүшкөнүн жарыялашты. Хуситтердин аракеттеринен кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотуу чечимин чыгарган.



Тектеш кабарлар