Израилдин Газа тилкесине карата кол салуулары

Газадагы Палестина саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин  155 күндөн бери улантып келе жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.

2113152
Израилдин Газа тилкесине карата кол салуулары

Израиль армиясы элди ачка жана суусуз калтырган, блокада астындагы Газа тилкесине  2023 -  жылдын  7 -  октябрынан бери жасаган кол салууларында  каза болгондордун саны  акыркы 24 саатта 82ге көбөйүп, 30 миң  960ка жетти. 

Газадагы Палестина саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин  155 күндөн бери улантып келе жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди. 

Израиль армиясынын акыркы  24 саатта  82 алестиналыкты өлтүргөндүгү, каза болгондордун саны  30 миң  960ка жеткени билдирилген маалыматта акыркы кол салууларда  122 палестиналыктын жаракат алышы менен жаралулардын саны  72 миң 524кө жеткендиги белгиленди.

Израиль кол салууларында каза болгондордун 72 пайызын балдар жана аялдардын түзгөндүгү белгиленген маалыматта өзгөчө Израилдин Газада акыркы  24 саатта "10 кыргын" кылгандыгы, уранды астында жана жол жээгинде азыр да сөөктөрдүн бар экендиги бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоол болушу менен медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин сөөктөргө жете албагандыгы баса белгиленди. 

Израиль армиясынын блокададагы Газа тилкесине түнү бою жасаган кол салууларында көбү аялдар жана балдар болгон ондогон палестиналык каза болду.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда Израиль күчтөрү кол салууларынын 155 -  күнүндө Газа тилкесинин түрдүү аймактарын абадан, кургактыктан жана деңизден атууну улантты. 

Израиль артилеристтеринин Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жебалия качкындар лагерине  жасаган кол салууда араларында балдар да болгон 9 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды. 

 

Дейр ал - Белах аймагындагы кол салууда кеминде 5 киши өлтүрүлдү. Каза болгондор Акса шейиттери ооруканасына жеткирилди.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнуста   таңга чейин көптөгөн палестиналыктын үйлөрү бомбаланды.

Кол салууда араларында балдар жана аялдардын да болгон кеминде  23 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды. 

Израиль күчтөрү Газанын Зайтун мааласында тамак  - аш жардамын күткөн палестиналыктарды бутага алды. Кол салууда кеминде  20 киши жараланды. 

 

 



Тектеш кабарлар