Газа тилкесинде ачкачылык жана суусуздуктан каза болгондордун саны 23кө жетти

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел  -  Кудра бул тууралуу маалымат берди.

2113083
Газа тилкесинде ачкачылык жана суусуздуктан каза болгондордун саны  23кө жетти

Израиль беш айдан бери кол салууларын улантып, жардамдардын киришине тоскоол болуп, чоң бир "гуманитардык апаатка" себеп блгон Газа тилкесинде жетерсиз тамактануу жана суусуздуктан каза болгондордун саны  23кө жетти. 

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел  -  Кудра бул тууралуу маалымат берди. 

Шифа ооруканасында  дагы 3 баланын жетерсиз тамактануу жана суусуздуктан каза болгондугун айткан Кудра ушундайча  ачкачылык жана суусуздуктан каза болгондордун саны  23кө жогорулагандыгын белгиледи. 

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинен  6 -  мартта берилген маалыматта ачкачылык жана суусуздуктан  20 кишинин каза болгондугу билдирилген. 

БУУ Израилдин кол салуусу астындагы Газа тилкесинде  2,2 миллион кишинин ачкачылык коркунучу менен бетме  - бет экендиги боюнча эскерткен. 

БУУнун маалыматына ылайык, Газада 378 миң киши Интеграцияланган азык-түлүк коопсуздугу классификациясынын (IPC) шкаласына караганда "апаат"  деп аталган 5 - деңгээлдеги 939 миң киши да  «өзгөчө кырдаал» деп аталган 4 - деңгээлдеги ачкачылык менен бетме  - бет. 

 

 



Тектеш кабарлар