Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израилдин 154 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2112868
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израиль армиясынын, элди ачка жана суусуз калтырган блокададагы Газа тилкесине 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларында каза болгондордун саны 30 миң 878ге жетти.

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин 154 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы 24 саатта дагы 78 палестиналыкты өлтүргөнү, каза тапкандардын санынын 30 миң 878ге жеткени кабарланган билдирүүдө, акыркы кол салууларда 104 палестиналыктын жаракат алышы менен жаралуулардын санынын болсо 72 миң 402ге жеткени маалымдалды.

Израилдин кол салууларында каза болгондордун 72 пайызынын балдар жана аялдар экени айтылган билдирүүдө, ошондой эле Израилдин Газада акыркы 24 саатта «8 кыргын» кылганы белгиленди.

Урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экенин, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул сөөктөргө жете албаганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар