Түндүк Кореянын лидери армияга машыгууларды арттыруу буйругун берди

Ким Чен Түштүк Корея менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түндүк Кореянын «Эркиндик калканы» машыгуусу башталгандан эки күндөн кийин аскердик машыгуу базасына барды.

2112280
Түндүк Кореянын лидери армияга машыгууларды арттыруу буйругун берди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын армияга согуштук машыгууларды арттыруу буйругун берди.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) кабарына караганда, Ким Чен Түштүк Корея менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түндүк Кореянын «ядролук жана ракеталык коркунучтарына» каршы бөгөт коюу чараларын күчтөндүрүү максатында өткөргөн «Эркиндик калканы» машыгуусу башталгандан эки күндөн кийин аскердик машыгуу базасына барды.

Ким Чен сапардын жүрүшүндө обьектилерди жана аскер бөлүктөрүнүн машыгуусун карап жатып армияга «баскынчы күчкө ээ» душмандарды жана алардын «согушту тутандыруу аракеттерин» көзөмөлдөө үчүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга карата машыгууларды арттырууну тапшырды.

Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен машыгуусун айыптаган Ким Чен, бул өлкөлөрдүн «оор кесепеттерге» кабыларын эскертти.

Түштүк Корея менен АКШ “жалпы коргонуу позициясын бекемдөө” максатында 4-мартта “Эркиндик калканы” деп аталган биргелешкен аскердик машыгууну баштаган.

Машыгуунун эки өлкөнүн орток коргонуу турумун арттырууну максат кылганы, көп тармактуу операцияларга жана өзөктүк операцияларга кургактык, деңиз, аба жана кибер куралдарды колдонуу менен жооп кайтарууга багытталары билдирилген.

Түндүк Корея болсо мындай биргелешкен аскердик машыгууларды басып алуу даярдыгы катары сыпаттаса, Сеул менен Вашингтон бул дооматтарды четке кагып аскердик машыгуулардын коргонуу максатында экенин айтышууда.



Тектеш кабарлар