Армения аэропортундагы орус чек арачыларынын кызматын токтотууда

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин кабарына караганда, Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян Улуттук парламентте өткөрүлгөн жыйындан кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

2112076
Армения аэропортундагы орус чек арачыларынын кызматын токтотууда

Армениянын башкаруусу борбор калаа Еревандагы Звартноц эл аралык аэропортундагы орус чек арачыларынын кызматын токтотуу чечимин чыгарды.

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин кабарына караганда, Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян Улуттук парламентте өткөрүлгөн жыйындан кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

Григорян Армения жетекчилигинин сөз болуп жаткан аэропорттогу бардык кызматтардын толугу менен армян жооптуулары тарабынан аткарылышына чечим чыгарганын белгилеп: «Армениянын бул темада так мамилеси бар жана бул ачык мамилесин расмий кат түрүндө Орусия Федерациясына билдирди. Армениянын мамилеси Звартноц эл аралык аэропортундагы кызматты Армениянын чек ара аскерлери аткарышы керектиги жөнүндө»,-деди.

Улуттук парламенттин спикери Ален Симонян 27-февралда Орусиянын чек арачыларын Звартноц аэропортунан чыгарууну туура деп эсептей турганын билдирди.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо Армения өкмөтүнүн бул чечими тууралуу азырынча эч кандай маалымат ала электерин айтты.



Тектеш кабарлар