Малики: « Палестинада кылынган геноцид бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурууда»

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ал-Малики Сауд Арабиянын Жидда шаарында өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынында сөз сүйлөдү.

2111827
Малики: « Палестинада кылынган геноцид бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурууда»

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ал-Малики Палестинада кылынган геноцид бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурганын айтты.

Малики Сауд Арабиянын Жидда шаарында өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынында сөз сүйлөдү.

Оккупацияланган Палестина аймактарындагы абалдын барган сайын начарлап баратканын жана трагедиялуу болуп бара жатканын белгилеген Малики: «Басып алуучу Израиль бийликтери Газа тилкесиндеги 2 миллион 300 миң палестиналыкка каршы киргизген апааттардын алкагында ачарчылыкты согуш куралы катары колдонду. Израиль киргизген ачарчылык саясатынан улам акыркы күндөрү 20га жакын бала азап чегип каза болду»,-деди.

Израилдин Палестина калкына каршы кылмыштарынын алдын алуу үчүн жаңы ыкмага өтүүлөрү керектигин белгилеген Малики сөздөрүн мындайча улантты: «Палестинада кылынган геноцид бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурат. Эгер биз бул геноциддин уланышына жол берсек, Израиль жана анын колдоочулары биздин дүйнөбүздү келечек муундарга башкача көрсөтүүдө ийгиликтүү болот. Алар биздин дүйнөбүздө зомбулук менен жапайычылык мыйзамдан жана адамгерчиликтен жогору экенин көрсөтүшөт».

Палестина элине каршы кол салууларын улантып жаткан Израилди курал менен колдогон жана коргогон өлкөлөргө каршы позицияны карманууда тартынбашы керектигин баса белгилеген Малики, Израилдин геноциддерине шериктештиктин дипломатиялык, саясий жана экономикалык чыгымга алып келе турганына кабар берилиши керектигин белгиледи.

Израилдин Газага жасаган кол салууларынын натыйжасында 30 миңден ашуун кишинин каза болгонун, 80 миңден ашууну жарадар болгонун жана 10 миңден ашуун кишинин урандылардын астында калганын эске салган Палестинанын тышкы иштер министри: «Бүгүн 80 пайыз Дүйнөдөгү эң ачка адамдардын бири Газада»,-деди.



Тектеш кабарлар