Гутерриш Гаитиде тездик менен начарлап бараткан коопсуздук абалына терең тынчсызданганын билдирди

Бул тууралуу БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик билдирүү жасады.

2111668
Гутерриш Гаитиде тездик менен начарлап бараткан коопсуздук абалына терең тынчсызданганын билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Гаитиде тездик менен начарлап бараткан коопсуздук абалына терең тынчсызданганын билдирип, чукул кадамдарды таштоого чакырды.

Бул тууралуу БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик билдирүү жасады.

Дюжаррик белгилегендей, Гутерриш Гаити өкмөтүн жана башка саясий тараптарды тез макулдашууга жана демократиялык институттарды кайра куруу үчүн саясий процессти алга жылдырууга чакырды.

Гуттерриштин Гаитиде ылдам начарлаган коопсуздук абалынан терең тынчсызданганын белгилеген Дюжаррик мунун Гаитилик жарандарга тийгизген таасирине көңүл бурду.

Стефан Дюжаррик Гутерриштин тез арада чара көрүүгө чакырганын белгилеп, Гаитидеги көп улуттуу коопсуздук миссиясынын каржылык жактан колдоого алынышы керектигин баса белгиледи.

Куралдуу бандалар 2-3-мартта Гаитинин борбору Порт-о Принс жана Круа-де-Букет аймагына жакын жерде жайгашкан эки түрмөгө куралдуу кол салууларды уюштуруп, коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан.

Кагылышууларда 4 миңдей туткун түрмөдөн качып, 12 киши каза болгон.

Өкмөт абактан качкан кылмышкерлерди кармоо үчүн 72 сааттык өзгөчө кырдаал жарыяланганын жана шаршембиге чейин белгилүү сааттарда коменданттык саат киргизилерин жарыялады.



Тектеш кабарлар