Орусия НАТОнун кеңейишине каршы дагы эки аскердик аймак түздү

Сергей Шойгу, өлкөнүн ичинде жаңы аскердик зоналардын түзүлгөнүн маалымдады.

2111353
Орусия НАТОнун кеңейишине каршы дагы эки аскердик аймак түздү

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу НАТОнун кеңейишине жана Орусия чек араларында аскердик потенциалдын жаралышына каршы эки жаңы аскердик аймак түзүшкөнүн жарыялады.

Коргоо министрлигинин жетекчилери менен өткөргөн жыйында сөз сүйлөгөн Сергей Шойгу, өлкөнүн ичинде жаңы аскердик зоналардын түзүлгөнүн маалымдады.

НАТОнун Орусия чек араларына жакын жерде аскердик потенциалды жаратканын, Финляндиянын НАТОго мүчө болгонун, Швециянын да альянска кошула турганын эске салган Шойгу: «Биз түндүк-батыш жана батыш стратегиялык багыттарда аскер топторун бекемдөө боюнча кадамдарды жасадык. Куралдуу күчтөрдүн курамында Ленинград жана Москва аскер округдары баш болгон эки атайын стратегиялык аймактык бөлүк түздүк»,-деди.



Тектеш кабарлар