Волкер: "Газадагы согуштун коңшу өлкөлөргө коркунучтуу таасирлери бар"

Волкер Түрк, БУУнун Адам Укуктары Кеңешинин 55-сессиясынын алкагында өткөрүлгөн жыйында дүйнөдө уланып жаткан кагылышуулар жана адам укуктарынын бузулушу тууралуу билдирүү жасады.

2110818
Волкер: "Газадагы согуштун коңшу өлкөлөргө коркунучтуу таасирлери бар"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк, Израилдин катуу кол салуусу жана блокадасына кабылган Газадагы согуштун учурда коңшу өлкөлөргө коркунучтуу таасирлеринин бар экенин айтты.  

Волкер Түрк, БУУнун Адам Укуктары Кеңешинин 55-сессиясынын алкагында өткөрүлгөн жыйында дүйнөдө уланып жаткан кагылышуулар жана адам укуктарынын бузулушу тууралуу билдирүү жасады.

Адамзаттын мындай тездик менен күчөгөн кризистерге сейрек кездешкенин белгилеген Түрк, бул кагылышуу толкунунда адамдардын жашоосунун тасирленгенин, экономикалык зыянга учураганын, адам укуктары тебеленип, көп тараптуу үмүттөрдүн кыйраганын белгиледи.

Дүйнө жүзү боюнча 55 кагылышуунун күчөп уланып жатканын кабарлаган Волкер, эл аралык гуманитардык жана адам укуктарынын кеңири бузулушунун миллиондогон карапайым калк үчүн чоң кесепеттерге алып келгенин маалымдады.

«Жер которуштуруу жана гуманитардык кризистер болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти» деген Волкер, бардык бул кагылышуулардын аймактык жана глобалдык таасирине көңүл бурду.

Басып алынган Палестина аймактарында болуп жаткан окуяларды Кеңешке да билдиргенин эске салган Волькер: «Газадагы согуштун учурда коңшу өлкөлөргө коркунучтуу таасирлери бар. Кандайдыр бир жалындын чоң өрткө себеп болушу мүмкүн экенине тынчсызданам. Бул Жакынкы Чыгыштагы бардык өлкөлөр жана аймактан тышкаркы көптөгөн өлкөлөр үчүн кесепеттерге алып келет»,-деди.



Тектеш кабарлар