Газадагы согуштан улам Израиль армиясынын басма сөз катчысы кызматынан кетти

Бул тууралуу Израилдин 14-канал телекөрсөтүүсүнүн кабарында орун алды.

2110606
Газадагы согуштан улам Израиль армиясынын басма сөз катчысы кызматынан кетти

Израилдин Газа тилкесинде 7-октябрдан бери жүргүзүп жаткан согушунан улам Израиль армиясынын басма сөз катчысы Даниел Агаринин командасында кеңири тараган отставкага кетүү толкуну болгону билдирилди.

Израилдин 14-канал телекөрсөтүүсүнүн кабарында: «Басма сөз катчысы Агаринин командасында экинчи номердеги адам Моран Катц жана маалымат системасындагы көптөгөн жооптуу кызматкерлер Газадагы согуштун себеби менен кызматтан кетүү арызын тапшырышты»,-деп айтылды.

Кабарда кызматтан кеткендердин арасында Израиль армиясынын тышкы басма сөз катчысы Ричард Хеттин да бар экени белгиленди.

Соңку айларда жарыяланган Израилдин кабарларында Газа тилкесиндеги согушту башкаруу жана анын согуштан кийинки планы боюнча өкмөт менен Израиль армиясынын ортосунда терең пикир келишпестиктер бар экени айтылат.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан кеминде 13 миң 230у бала, 8 миң 860ы аял болгон 30 миң 410 палестиналык каза болуп, 71 миң 700 киши жараланды.

Урандылардын астында дагы миңдеген набыт болгону билдирилгени менен, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.



Тектеш кабарлар