Пакистанда нөшөрлөп жааган жамгыр: 17 киши каза болду

The Tribune гезитинин жазганына караганда Хайбер-Пахтунхва провинциясынын кээ бир аймактарында нөшөрлөгөн жамгырдан сел жана жер көчкү жүргөн.

2110096
Пакистанда нөшөрлөп жааган жамгыр: 17 киши каза болду

Пакистандын түндүк-батышында нөшөрлөп жааган жамгырдан 17 киши каза болуп, 23 киши жаракат алды.

The Tribune гезитинин жазганына караганда Хайбер-Пахтунхва провинциясынын кээ бир аймактарында, өзгөчө Пешавар, Төмөнкү Дир жана Бажаурда катуу жааган жамгырдан улам үйлөрдүн чатырлары урап, кээ бир үйлөр жер көчкүдөн улам топрактын астында калган.

Издөө-куткаруу топтору Пешаварда 7, Төмөнкү Дирде 3 киши болуп жалпы провинцияда 17 кишинин каза болгонун, 23 кишинин жаракат алганын жарыялады.

Бийлик жабыркагандар дарыланып жатканы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Башка жагынан алып караганда, жагымсыз аба ырайынын шарттары өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, анын ичинде Лахор, Белужистан, Карачи жана түндүктөгү тоолуу аймактарда таасирдүү.

Карачиде бийлик нөшөрлөгөн жамгырдан улам «өзгөчө кырдаал» жарыялады, ал эми нөшөрлөгөн жамгыр Лахордун айрым бөлүктөрүндө жашоого терс таасирин тийгизди.

Белужистан провинциясынын Гвадр району да жаандан жапа чеккен аймактардын катарына кирсе, бул жерде канализация толуп, айрым тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.



Тектеш кабарлар