Кытай быйыл космос станциясына эки экспедицияны ишке ашырат

Билдирүүдө станцияга дайындала турган жаңы тайконавттар тандалып, алардын окууларынын уланып жатканы маалымдалды.

2109625
Кытай быйыл космос станциясына эки экспедицияны ишке ашырат

Кытайдын Жер орбитасына орноткон Тиенгонг (Асман сарайы) космос станциясына быйыл адам башкарган эки экспедицияны ишке ашырары кабарланды.

Кытай адамдуу космостук экспедициялар агенттигинин (CMSA) билдирүүсүндө, станцияга «Шынкоу-18» жана «Шынкоу-19» миссиялары менен жаңы тайконавт топторунун ташылышынын пландалганы белгиленди.

Билдирүүдө станцияга дайындала турган жаңы тайконавттар тандалып, алардын окууларынын уланып жатканы маалымдалды.

Ошондой эле тайконавттардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн эки рейс жасалышы күтүлүүдө.

Уч адамдан турган тайконавттар тобу кезектешип иштеген станцияга, "Шынкоу (Ыйык кеме)" аппараты менен кызматкер, ал эми "Тиенкоу (Асман кемеси)" аппараты менен транспорттук жүктөр ташылууда.



Тектеш кабарлар