Италиянын Израилге курал-жарак экспорту
Италия Израилге 2023-жылдын октябрь-ноябрь айларында (233 миң 25 евро + 584 миң 511 евро) жалпы суммасы 817 миң 536 евролук курал жана ок-дарыларды экспорттогон.
Италиядагы оңчул коалиция өкмөтү мурда 2023-жылдын 7-октябрынан кийин Израилге эч кандай курал-жарак жөнөтүлбөгөндүгүн жарыялаганы менен, 2023-жылдын октябрь-ноябрь аралыгында бул өлкөгө курал жана ок-дарылардын экспорттолгондугу айтылды.
Итальян «Altraeconomia» журналынын, Италиянын Улуттук Статистика Институтунун (ISTAT) жаңыланган тышкы соода маалыматтарына таянып берген кабарына караганда, Италия Израилге 2023-жылдын октябрь-ноябрь айларында (233 миң 25 евро + 584 миң 511 евро) жалпы суммасы 817 миң 536 евролук курал жана ок-дарыларды экспорттогон.
Кабарда бул экспорттун 2022-жылдын ноябрында 1,5 миллион евронун тегерегинде болгону жана бир жылда азайганы да маалымдалды.
Бирок кабарда сөз болгон маалыматтардын Жоржия Мелони жетектеген оңчул коалициялык өкмөттүн 7-октябрдан тарта Израилге курал-жарак жөнөтүүнүн токтотулгандыгына байланыштуу мурунку билдирүүлөрүнө карама-каршы келгени белгиленди.
Бул кабардан кийин оппозициядагы айрым солчул партиялар да өкмөттөн теманы тактап берүүнү суранышты.
Өлкөдө негизги оппозициялык Демократиялык партиянын (ПД) лидери Элли Шлейн 20-январда Израилге курал-жарак жөнөтүлбөшү керек деп билдирген, вице-премьер-министр жана тышкы иштер министри Антонио Таяни болсо буга жооп катары: «7-октябрдан тарта Израилге курал жөнөтпөөнү чечтик, ошондуктан бул маселени талкуулоонун кереги жок»,- деген болчу.