Франция Украинага 100 учкучсуз учуучу аппарат берет

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну француз фирмасы Delair чыгарган 100 учкучсуз учуучу аппараттын жайында Украинага жеткириле турганын билдирди.

2109855
Франция Украинага 100 учкучсуз учуучу аппарат берет

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну француз фирмасы Delair чыгарган 100 учкучсуз учуучу аппаратын жайында Украинага жеткириле турганын билдирди.

Өлкө башкаруусу  компанияга алыстан башкарылуучу 2000 жабдыкты (камикадзе дрондор деп да аташат) буюртма берген.

Лекорну бул техниканын канчасы Украинага жөнөтүлөрү тууралуу так маалымат берген жок.

Сөз болуп жаткан учкучсуз учуучу аппараттар  ​​2022 жана 2023-жылдары Херсон жана Харьков облустарындагы чабуулдарда украин армиясына стратегиялык артыкчылык бергени маалымдалды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 29 - январда сүйлөгөн сөзүндө Киев үчүн бул учкучсуз учуучу аппараттарды  чыгаруу 2024 - жылдын биринчи приоритети экендигин айткан.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Парижде Украина боюнча саммит өткөргөн.

Саммитке Европанын 20 өлкөсүнүн лидерлери, анын ичинде Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Польшанын президенти Анджей Дуда катышкан.

Макрон саммиттин жүрүшүндө Европанын чек араларын коргоо үчүн батыш армиясын Украинага жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бургандыгын  билдирди.

Бирок НАТОнун башка мүчөлөрү, АКШ, Улуу Британия жана Германия бул сунушту сынга алышты. Эстония менен Латвия Макронду колдоду.

Россия Федерациясынын парламенти Макронду Украинага жөнөтүлө турган  армияларды Наполеондун армиясынын тагдыры күтүп турганын эскертти.



Тектеш кабарлар