Дүйнө банкы Украина үчүн 760 миллион долларлык грант бөлөт

Дүйнөлүк банк тобу Украинага маанилүү мамлекеттик кызматтарды колдоо үчүн кошумча 760 миллион доллар грант бөлөрүн жарыялады.

2109757
Дүйнө банкы Украина үчүн  760 миллион долларлык  грант бөлөт

Дүйнөлүк банк тобу Украинага маанилүү мамлекеттик кызматтарды колдоо үчүн кошумча 760 миллион доллар грант бөлөрүн жарыялады.

Банктын билдирүүсүндө, 760 миллион долларлык кайрымдуулук колдоосунун Украинанын улуттук жана аймактык деңгээлде маанилүү мамлекеттик кызматтарын улантуусуна жардам бере турганы белгиленди.

Билдирүүдө бул жардамдын мугалимдер, биринчи жардам топтору жана өзгөчө кырдаал кызматкерлеринин айлык маяналарына  колдоо менен бирге өлкө ичинде жер которгон кишилер жана жаралууларга социалдык жардам берүүнү уланткан долбоордун негизинде алтынчы кошумча каржылоо экендиги белгиленди.

Билдирүүдө Дүйнөлүк банк тарабынан бүгүнкү күнгө чейин берилген жардамдын 15 миллиондон ашык украиналыкка негизги кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк бергени жана тиешелүү долбоорго Украинанын Жардам, Калыбына келтирүү, Реконструкциялоо жана Реформа ишеним фонду да болгон Австрия, Бельгия, Канада, Дания, Исландия, Индонезия, Ирландия, Финляндия, Германия, Япония, Нидерландия, Норвегия, Латвия, Литва, Испания, Швеция, Швейцария, Түштүк Корея, Бириккен Королдук жана АКШдан келген  салымдар менен колдоого алынганы белгиленди.

Билдирүүдө бүгүнкү жардам менен бирге Дүйнөлүк банк тобунун Украина калкын колдоо үчүн  42 миллиард долларга жакын  каржылык каражатты мобилизациялады деп айтылды.

 



Тектеш кабарлар