Европа Парламентинин Газа чакырыгы

ЕП Башкы ассамблеясында «Дүйнөдө адам укуктары жана демократиянын абалы менен Евробиримдиктин буга карата саясаты» темасында даярдалган 2023-жылдагы отчет 265 макул, 253 каршы, 10 калыс добуш менен кабыл алынды.

2108837
Европа Парламентинин Газа чакырыгы

Европа Парламенти (ЕП) биринчи жолу Израилдин кол салууларын улантып жаткан Газада «дароо жана туруктуу ок атышууну токтотууга» чакырды.   

ЕП Башкы ассамблеясында «Дүйнөдө адам укуктары жана демократиянын абалы менен Евробиримдиктин буга карата саясаты» темасында даярдалган 2023-жылдагы отчет 265 макул, 253 каршы, 10 калыс добуш менен кабыл алынды.

ЕПдагы Сол топ мүчөлөрү өзгөртүүнү талап кылган отчеттун 62-беренесине «Газада дароо жана туруктуу ок атышпоо чакырыгы» кошулду.

Жаңыланган жана бекитилген жаңы отчетто, "Европа Биримдиги, мүчө мамлекеттерди жана эл аралык коомчулукту, Газа тилкесиндеги ар бир адамдын тамак-аш жана сууга үзгүлтүксүз жетүүсүн камсыз кылуу үчүн дароо жана туруктуу ок атууну токтотууга чакырат» деген сөздөр камтылды.

Ушундайча ЕП биринчи жолу Газада ок атышууну токтотуу чакырыгын салган болду. 18-январда кабыл алынган чечимде "туруктуу ок атышпоо" бардык туткундардын бошотулушу жана ХАМАСтын жоюлушу менен шартталган.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында көбү балдар 30 миңден ашуун палестиналык каза тапты.



Тектеш кабарлар