БУУнун Стабилдештирүү миссиясы КДРден чыгып жатат

MONUSCOнун билдирүүсүндө, БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн аскерлеринин Конгодон чыгарылышынын биринчи кадамы катары Түштүк-Киву провинциясынын Каманёла аймагында жайгашкан МОНУСКО базасы Конгонун Улуттук полиция уюмуна өткөрүлүп берилгени жарыяланды.

2108861
БУУнун Стабилдештирүү миссиясы КДРден чыгып жатат

Конго Демократиялык Республикасынын (КДР) чыгышындагы Түштүк Киву провинциясында жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Стабилдештирүү Миссиясынын (MONUSCO) аскердик базасы Конгонун Улуттук полиция агенттигине өткөрүлүп берилди.

MONUSCO тарабынан жасалган билдирүүдө, БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн аскерлеринин Конгодон чыгарылышынын биринчи кадамы катары Түштүк-Киву провинциясынын Каманёла аймагында жайгашкан МОНУСКО базасы Конгонун Улуттук полиция уюмуна өткөрүлүп берилгени жарыяланды.

MONUSCOнун башчысы Бинтоу Кейта 13-январдагы билдирүүсүндө үч баскычтуу чыгуу планынын биринчиси апрелден мурда башталарын жана өлкөдөгү 13 миң 500 аскер санынын 11 миң 500гө чейин азайарын билдирди.

БУУнун Түштүк Кивудагы 14 базасынын Конгонун коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлөрүн белгилеген Кейта, Түндүк Киву жана Итури аймактарындагы БУУнун күчтөрүнүн да келечекте чыгарыла турганын айтты.

БУУнун дүйнөдөгү эң ири миссияларынын бири болгон МОНУСКОНУН өлкөдөн чыгып кетиши үчүн коомчулук тарабынан көптөгөн демонстрациялар болду.

КДРнын өкмөтүнүн талабы боюнча Чыгыш Африка коомчулугу да өзүнүн тынчтык күчтөрүн өлкөдөн чыгарып кеткен.

Руанда, Уганда жана Бурунди менен чек ара жайгашкан Конгонун чыгышы 20 жылдан ашык убакыттан бери алтын жана кобальт сыяктуу кендерди көзөмөлгө алууга аракет кылган куралдуу топтордун кол салууларына жана кагылышууларына дуушар болуп келген.



Тектеш кабарлар