БУУ: "Бардык варианттар үстөлдө"

Басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттерге билдирүү жасады.

2108849
БУУ: "Бардык варианттар үстөлдө"

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газага гуманитардык жардамдарды көбөйтө алуу үчүн абадан жардам түшүрүү системасы менен бирге бардык варианттардын үстөлдө экенин кабарлады.

(БУУ) Басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттерге билдирүү жасады.

Газа тилкесине абадан жардам түшүрүүнүн кыйынчылыктары бар экенин жана биринчи тандоо эмес экенин белгилеген Дюжаррик, алардын тандоолорунун кургактыктан жардам берүү экенин айтты.

Басма сөз катчысы Дюжаррик жардамдарды көбөйтүү үчүн көбүрөөк жол жана кирүү пункттарын ачууну талап кылып: «Абадан жардам түшүрүү -  биз тандаган вариант эмес, бирок бардык варианттар үстөлдө»,- деди.

Дюжаррик кагылышуулар уланып жатканда жардам көрсөтүүнүн гуманитардык жардам кызматкерлери менен жардам алуучулардын өмүрүнө коркунуч туудурганын, ошондуктан гуманитардык ок ​​атышпоого чакыргандарын баса белгиледи.

Бир тараптан Газа тилкесинин түндүгүнө биринчи жолу учактар ​​менен «чектелген өлчөмдө» азык-түлүк жардамынын жеткирилгени маалымдалды.

Окуяга күбө болгондор: «Согуш башталгандан бери (7-октябрда) биринчи жолу улуту белгисиз учактар ​​курчоодогу Газа тилкесинин түндүгүнө Жебалиядагы Индонезия ооруканасынын айланасына ондогон азык-түлүк кутуларын таштады»,-дешти.

Күбөлөрдүн айтымында, учактар ​​Газа шаарынын батышында жайгашкан Римал районундагы Белгисиз солдат паркына эки жолу жардам таштаган.

Палестиналык булактар, ​​учактардан парашют менен түшүрүлгөн жардамдын гуманитардык апаат болгон Газа тилкеси үчүн «өтө чектелүү» экенин билдиришти.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында көбү балдар 30 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар