Ливандын Израилге ракеталык кол салуулары

Израиль армиясынын радиосунун кабарында Ливандын түштүгүнөн Кирят Шмонага карата эки кол салуунун болгондугу айтылды.

2108602
Ливандын Израилге ракеталык кол салуулары

Ливандын түштүгүнөн Израилдин чек арасындагы Кирят Шмона конушуна ракеталык кол салуу жасалды.

Израиль армиясынын радиосунун кабарында Ливандын түштүгүнөн Кирят Шмонага карата эки кол салуунун болгондугу айтылды.

Отурукташуу жерин бутага алган биринчи кол салууда  4, экинчи кол салууда  10 ракетанын атылгандыгы билдирилген кабарда адам өлүмүнүн болбогондугу бирок айрым ракеталардын бош үйлөргө түшкөндүгү белгиленди.

Ливандагы Хизбуллах кыймылынан Кирят Шмонага карата кол салуулар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Бирок Хизбуллах 2023 -  жылы  8 -  октябрдан бери чек арага эң жакын отурукташуу жерин бат  - бат бутага алууда.

Бир тараптан Ливандын маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда Израиль согуштук учактары Ливандын түштүгүндөгү чек ара аймагындагы Бейт Лиф, Кфар Хаммам, Маркаюн түздүгү жана Хула шаарларына кол салышты.

Израиль армиясы жана Хизбуллахтын ортосунда  8 -  октябрдан бери чек арадагы кагылышууларда  219  Хизбуллах мүчөсү, ливандык  43 жаран, Эмел кыймылынын  11, Хамастын  12 жана Исламдык Жихаддын  12 мүчөсү менен  израилдик  6 жаран менен  11 аскер каза болду.



Тектеш кабарлар