Израилдин кол салууларынан улам 29 миң 954 киши каза болду
Израилдин Газада кечээтен бери жарандарды бутага алган кол салууларында 76 палестиналыктын дагы өлтүрүлгөндүгү, 110 палестиналыктын да жаралангандыгы белгиленди.
Израиль армиясы элди ачка калтырган блодака астындагы Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 76га көбөйүп 29 миң 954кө жетти.
Газадагы Палестина Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин 145 күндөн бери болуп келе жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.
Израилдин Газада кечээтен бери жарандарды бутага алган кол салууларында 76 палестиналыктын дагы өлтүрүлгөндүгү, 110 палестиналыктын да жаралангандыгы белгиленди.
Израиль армиясынын 2023 - жыл 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны 29 миң 954кө, жаралуулардын саны да 70 миң 325ке чыккандыгы айтылды.
Билдирүүдө өзгөчө азыр да уранды астында жана жол жээгинде сөөктөрдүн бар экендиги бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоол болушу менен медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин жаназаларды ала албагандыгы баса белгиленди.