ДССУ Израилге "Газага гуманитардык жардамдардын өтүшүнө урксат берүүгө"чакырды

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Газага карата гуманитардык жардам миссияларынын дайыма, ишенимдүү жана татыктуу өтүшүнө уруксат бериши үчүн Израилге чакыруу салды.

2108594

Гебрейесус ДССУ, БУУ жана Палестина Кызылайынын топторунун Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус аймагында курчоо астындагы Амал  ооруканасына баргандыгын жана бул жердеги  24 бейтапты башка ооруканага алып баргандыгын айтты.

«Амал ооруканасы  20 -  январь жана  22 -  февраль күндөрүнүн арасында  25 кишинин өлүмүнө жана жараксыз абалга келишине себеп болгон  40 кол салууга дуушар болду»,- деген Гебрейесус 31 бейтаптын азыр да ооруканада экендигин билдирди.

Гебрейесус Палестина Кызылайынын кызматкерлеринин милдеттерин толук координациялоо жана коопсуздук кепилдиги менен аткарып жаткандыгына карабастан Эмел ооруканасынан  чыгып баратканда начар мамилеге жана кемсинтүүгө учурагандыгын белгиледи.

Үч саламаттык сактоо кызматкеринин камакка алынгандыгын билдирген башкы директор : «Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин бирөөсү бошотулду. Эки кишинин жана башка саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин дароо бошотулушун талап кылабыз»,- деди.

Мындай абалдардын кайталанышынын өмүрдү сактап калуучу жардамдын жеткирилишин кечеңдеткенин жана алдын алганын белгилеген Гебрейесус : «Израилге (Газага)  гуманитардык жардам миссиялары үчүн  үзгүлтүксүз, коопсуз өткөрүүгө чакырабыз. Ок атышууну токтотууга чакырабыз»,-  деди.

Тектеш кабарлар