Чадда коопсуздук күчтөрүнө карата кол салуу болду

Чаддын коммуникация  министри Абдераман Кулламалах эртең менен Улуттук мамлекеттик коопсуздук агенттигине куралдуу кол салуунун болгонун билдирди.

2108797
Чадда коопсуздук күчтөрүнө карата кол салуу болду

Чаддын борбор шаары Энжеминде коопсуздук күчтөрүнө жасалган кол салууда көп сандаган киши каза болду.

Чаддын коммуникация  министри Абдераман Кулламалах эртең менен Улуттук мамлекеттик коопсуздук агенттигине куралдуу кол салуунун болгонун билдирди.

Кулламалах кол салууда көп кишинин каза болгондугун айтты.

Кол салууга байланыштуу иликтөө башталганын белгилеген Кулламалах абалдын толугу менен көзөмөлгө алынганын жана кылмышкерлердин кармалганын жарыялады.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти оппозициядагы “Чек арасыз социалисттик партия” алды.



Тектеш кабарлар